Редакцияот 22.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХХХ сессиясы

 

2020-жылдын 22-декабры № 35

Дара айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын киреше жана чыгаша  бөлүгүнүн сметасын,  2022-2023- жылдарга   жергиликтүү бюджетинин  долбоорун  бекитүү  жөнүндө

 

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасын,  2022-2023-жылдарга  жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү боюнча даярдалган ФЭБ башчысы Ж.Токтомушованын  билдирүүсүн угуп жана  талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI  чакырылышынын  кезектеги  XXX  сессиясы токтом кылат:

1.    Дара айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин сметасынын 2021-жылдын киреше бөлүгү 37535,4 (отуз жети миллион беш жүз отуз беш миң төрт жүз) сом, чыгаша бөлүгү 37535,4 (отуз жети миллион беш жүз отуз беш миң төрт жүз)                                                                                                                                                      сом суммасында бекитилсин.

2.    Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын сметасынын долбоорунун киреше бөлүгү 37944,5 (отуз жети миллион тогуз жүз кырк төрт миң беш жүз) сом суммасында, чыгаша бөлүгү 37944,5 (отуз жети миллион тогуз жүз кырк төрт мин беш жүз)   сом суммасында, 2023-жылдын сметасынын долбоорунун киреше бөлүгү 38181,4 (отуз сегиз миллион бир жүз сексен бир миң төрт жүз) сом суммасында, чыгаша бөлүгү 38181,4 (отуз сегиз миллион бир жүз сексен бир миң төрт жүз) сом  суммасында бекитилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

 

М.Султанов