Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2021-жылдын 24-августу № 31
КЗ экономикалык пландалуучу зоналар үчүн зоналык коэффицентинин өлчөмүн белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесине ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлерге төлөнүүчү жер салыгынын ставкалары КЗ экономикалык пландалуучу зоналар үчүн зоналык коэффицентинин мааниси айылдык Кенеш тарабынан калктуу конуштун экономикалык-пландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша жылына бир жолудан көп эмес 0,3 төн 1,2 чейинки өлчөмдө белгиленишин эске алып, талкуулап максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын зоналык коэффицентин жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча коэфиценти КЗ 0,4 коэффиценти менен бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин орун басары Ж.Тулановго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Ж. Шадиманова |
|