Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2021-жылдын 24-августу № 28
Кызыл-Бел айылындагы ички көчөлөргө ат кою жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Укук жана мыйзамдуулук комитетинин депутаты Алтынбек уулу Адилеттин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап ички көчөлөргө ат кою максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Бел айылындагы ички көчөлөргө Т.Алимбаев, Т.Маралиев жана И.Шадымановтордун ысымдарын коюга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап каттоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Ж. Шадиманова |
|