Редакцияот 15.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2021-жылдын 15-июну № 20

Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын  шайлоо жөнүндө

 

Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн эсептөө комиссиянын протоколунун негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  кезектеги II сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Баткен райондук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу бекитилсин.

2. Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кенешинин жалпы депутаттарынын көпчүлүк добушуна ээ болгон Каламбеков Абдикарим Саалыевич Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлансын.

3. Ушул токтомдун көчүрмөсу Баткен аймактык шайлоо комиссиясына жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4. Өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы массалык маалыматтар каражаттарына жарыялансын.

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин төрайымы:

 

Ж. Шадиманова