Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 15-июну № 21
Кара-Бак айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айылдык кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилөө максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылдык кеңешинин Регламенти бекитилсин.
2. Кара-Бак айылдык кеңешинин Регламентин каттоодон өткөрүп берүү жагы Баткен облустук Юстиция башкармасынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Тулановго милдеттендирилсин.
Кара-Бак айылдык кеңешинин төрайымы: |
Ж. Шадиманова |
|