КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2021-жылдын 6-июлу № 22
Кызыл-Бел айылындагы жайкы маданият үйүнүн айланасындагы мунципалдык менчиктеги жер аянтардын башкы планын бекитүү жөнүндө
Чек арага жакын жайгашкан Кызыл-Бел айылынын тургундарынын коопсуздугу үчүн милициянын таяныч пунктун куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Каламбековтун билдирүүсүн угуп, талкуулап Кызыл-Бел айылындагы жайкы маданият үйүнүн айланасынагы мунципалдык менчиктеги жер аянтардын башкы планын бекитүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Бел айылындагы жайкы маданият үйүнүн айланасында жайгашкан мунципалдык менчиктеги жер аянтардын башкы планын бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап башкы пландын негизинде жер аянтын бөлүп берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Ж. Шадиманова |
|