Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2021-жылдын 6-июлу № 23
Комиссянын курамына айылдык кеңештин депутаттарынан сунуштоо жөнүндө
Кара-Бак, Чет-Кызыл, Бай-Кара-Бак, Дөбө жана Зардалы айылдарынын тургундарына жеке менчик турак жай куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү үчүн түзүлгөн комиссиянын курамына айылдык кеңештин депутаттарынан сунуштоо максатында Кара-Бак айыл өкмөтүнүн кайрыуусун карап чыгып Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Кара-Бак, Чет-Кызыл, Бай-Кара-Бак, Дөбө жана Зардалы айылдарынын тургундарына жеке менчик турак жай куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү үчүн түзүлгөн комиссиянын курамына айылдык кеңештин депутаттары А.Дилишатов, Б.Каримов, А.Качыбеков, Р.Джолматов, К.Абдисаламова, А.Жээнбекова жана С.Убаевтер сунуш кылынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Ж. Шадиманова |
|