Редакцияот 06.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2021-жылдын 6-июлу № 25

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында аткезчиликке каршы күрөшүү үчүн элдик кошуун түзүүгө  макулдук берүү жөнүндө

 

Тажик Республикасы менен чек арада болгон жаңжалды эске алып, коомдук тартипти сактоо максатында  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында аткезчиликке каршы күрөшүү үчүн элдик кошуун түзүүгө  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып, талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши 

Токтом кылат:

1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында аткезчиликке каршы күрөшүү үчүн элдик кошуун түзүүгө  макулдук берилсин.

2. Элдик кошуундун түнкү күзөткө чыгууга күйүүчү май бөлүп берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин орун басары Ж.Тулановго милдеттендирилсин. 

 

Айылдык кеңештин төрайымы:

 

Ж. Шадиманова