Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2021-жылдын 26-февралы № 1
Алты-Адыр (Көк-Дөбө) участкасындагы 66,8 га бак багытындагы кайра бөлүштүрүү фондундагы жерди мурдагы жерине кайтаруу жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр (Көк-Дөбө) участкасындагы 66,8 га бак багытындагы кайра бөлүштүрүү фондундагы жерди мурдагы жерине кайтаруу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Алты-Адыр (Көк-Дөбө) участкасындагы 66,8 га бак багытындагы кайра бөлүштүрүү фондундагы жер 2008-жылы Кара-Бак өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу келечек планында картага туура эмес түшкөндүктөн мурда бак тигилген жайына жылдырылсын.
2. Иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кенештин төрагасынын орун басары: |
Ш.Мапаев |
|