Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2021-жылдын 26-февралы № 2
Алты-Адыр (Көк-Дөбө) участкасындагы 66,8 га бак багытындагы кайра бөлүштүрүү фондундагы жерди түз ижарага берүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн КБФ эсебиндеги инвестиция талап кылган, Туштук аймактык топурак агрохимиялык станциясынын берген маалматна ылайык бал банитети 19 балл, эл тарабынан талап болбогон 66,8 га жерди бак тигип, жер кыртышын жакшыртып, жергиликтүү бюджетти көбөйтүү жана түшкөн пайданы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга жардам берүү үчүн Ибинов Билал Ибиновичтин ТЭО жана бизнес планын, жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколун угуп талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 7-беренесинин 4-пунктуна таянып Алты-Адыр участкасынан №654, №651-контурлардан 66,8 га жерди түз берүү жолу менен ижарага берүү максатында Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ибинов Билал Ибиновичке Кара-Бак айыл өкмөтүнүн КБФ эсебиндеги Алты-Адыр участкасынан №654, №651-контурлардан 66,8 га жер аянтын 19 жылдык мөөнөткө түз берүү жолу менен ижарага берүүгө макулдук берилсин.
Ижара акысы түзүлгөн келишимдин негизинде төлөнсүн.
3. Иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кенештин төрагасынын орун басары: |
Ш.Мапаев |
|