Редакцияот 30.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги Х сессиясы

 

2020-жылдын 30-декабры № 67

Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетин жана 2022-2023-жылдарга бюджетинин божомолдорун бекитүү жөнүндө

 

Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Курбановдун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2021-жылга  түзүлгөн бюджеттин сметасы боюнча даярдалган маалыматын угуп жана талкуулап,  Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджеттин жалпы киреше бөлүгү 23249,7 миң сомго, ал эми чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 23249,7 миң сомго бекитилсин.

Анын ичинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 11322,7 миң сом суммасында бекитилсин. Ал эми республикалык бюджеттен түшүүчү теңдөөчү гранттын суммасы 11927,0 миң сомго бекитилсин.

2. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин жалпы божомол боюнча киреше бөлүгү 24145,2 миң сом, ал эми чыгашалар бөлүгү 24145,2 миң сомго бекитилсин.

3. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин жалпы божомол боюнча киреше бөлүгү 23820,6 миң сом, ал эми чыгашалар бөлүгү 23820,6 миң сомго бекитилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.    

5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы С.Курбановко милдеттендирилсин.

 

Кенештин төрагасы:

 

А. Айдаров