Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги Х сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 69
Жайыт жерлерди башка багытта пайдалангандыгы үчүн тарифин бекитүү жөнүндө
КРнын Жер кодексинин 18-беренесинин 7-бөлүмчөсүн, Жайыт мыйзамынын 10-беренесинин 5-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, жайыттын аянт бирдигине, инфраструктурасына, ошондой эле продуктуулугуна жана алыс жайгашкандыгына карата оптималдуу ишти эске алуу менен жайыттарды башка максаттарда пайдаланганы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн белгилөө максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттарды башка максаттарда пайдалануу тууралуу келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылсын.
2. Жайыттарды башка максаттарда пайдаланганы үчүн акы төлөө төмөнкүдөй аныкталат:
- иши жайыт кыртышын бузууга алып келген участоктордо - Мыйзамдарда белгиленген айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерине ылайык жакынкы жайыттар бир гектарына 1500 сом;
- иши мал жаюуну болтурбоочу, бирок жайыт кыртышын бузууга алып келбеген участоктордо мал жаюу үчүн бул участокту пайдалануу үчүн акыга барабар өлчөмдө бир гектарына 100 сом;
- иши мал жаюуну алып салбаган жана жайыт кыртышы бузулбаган участоктордо төлөм алынбайт.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.
Кенештин төрагасы: |
А. Айдаров |
|