КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги Х сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 70
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кызыл-Бел айылынын тургуну Ашуров Абдукадыр Шарифовичтин өз арызынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 04.09.2002-жылы №9-123 сандуу токтому менен берилген 0,15 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак-жай фондуна кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Бел айылынын тургуну Ашуров Абдукадыр Шарифовичтин өз арызынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 04.09.2002-жылы №9-123 сандуу токтому менен берилген 0,15 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак-жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кенештин төрагасы: |
А. Айдаров |
|