Редакцияот 30.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги Х сессиясы

 

2020-жылдын 30-декабры № 74

Кз зоналдык коэффициентинин маанисинин өлчөмүн белгилөө  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүүлөрду киргизүү” жөнүндөгү Мыйзамынын №339 беренесинин негизинде калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жердерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын Кз зоналдык коэффициентин белгилөө максатында Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айыл аймагындагы калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жердерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын Кз зоналдык коэффициентинин мааниси 0,4 пайыздык өлчөмүндө өзгөртүү киргизилсин. 

3. Токтомдун аткарылышын бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.

 

Кенештин төрагасы:

 

А. Айдаров