Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги Х сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 75
АВП Кызыл-Кыр ишканасынын 25% кредиттик кайтарымдын тарифин бекитуу жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыр ишканасынын жетекчисинин билдирүүсүн эске алуу менен Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кызыл-Бел айылынын 1150 га жер аянтына кирген ар бир сотых жер үчүн жарандардын 25%дык насыянын кайтарым төлөмүн Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин 299-беренесинин негизинде 108 сом өлчөмүндө бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кызыл-Бел айылынын 1150 га жер аянтына кирген ар бир сотых жер үчүн жарандардын 25%дык насыянын кайтарым төлөмүн Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин 299-беренесинин негизинде 108 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Тариф боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомду аткаруу жагы АВП Кызыл-Кыр ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
Кенештин төрагасы: |
А. Айдаров |
|