ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2021-жылдын 10-августу № 11
Халмион айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү аткарган иштери жана бюджетин аткарылышы жөнүндө
Халмион айыл аймагынын айылдык кеңеши 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында айыл аймагынын социалдык-экономикалык-өнүгүүсүндөгү аткарган иштери жана бюджетин аткарылышы жөнүндөгү Халмион айыл өкмөтүнүн башчысы З Максутовдун берген отчёттун угуп, Халмион айылдык кеңешинин бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна негиз маселени карап талкуулап чыгып токтом кылат.
1. Халмион айыл өкмөтүнүн башчысы З Максутовдун Халмион айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү берген отчётту канаатандыраарлык деп табылсын.
2. 2021-жылга карата бюджетин аткарылышы боюнча сессияда айтылган сын-сунуштарды аткарууну эске алуу жана бюджетин аткарылышына карата кошумча булактарды табуу менен иш аракеттерди жандандыруу жагы айыл өкмөт башчысына жана апарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
Төрага | З. Кожонов |