Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз отуз төртүнчү сессиясынын
2020-жылдын 3-ноябры № 109
Халмион айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлердин түрүнөн калктуу конуштардын жерлерине которуу жөнүндө
Халмион айыл аймагынын тургундарын турак жай участкасы менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрү жөнүндө” Мыйзамынын ишке ашыруу туураалу №186-токтомуна, Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-майындагы “Суугат айдоо жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мароторий киргизүү жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу №49 Мыйзамына, Халмион айылдык кенешинин бешинчи чакырылыш тогузунчу сессиясынын 2013-жылдын 3-августундагы №9/5 сандуу токтомуна ылайык Халмион айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат;
1. Халмион айылдык кенешинин бешинчи чакырылыш тогузунчу сессиясынын 2013-жылдын 22-январындагы №9/4 сандуу токтомунун негизинде Халмион айыл аймагынын чегиндеги Халмион айылынын 228 контуранан 7,09 га, Ынтымак айылынын 90-92 контурунан 7,23 га, Чекелик айылынан 204-205 контурунан 7,5 га, Жошук айылынын 102 контурунан 5,23 га, Халмион айыл өкмөтүнүн эсебиндеги айыл чарба багытындагы жерлеринин мамлекеттик фондунун айдоо суугат жерлеринен 27,05 га, Ынтымак айылынын 147 контурунун жайыт жерлеринен 5 га жалпы 32,05 га жер аянты “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга алып тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Халмион айыл өкмөтүнүн апаратына жүктөлсүн.
3. Суралсын Кадастр мамлекеттик мекемесиинин Кадамжай филиалынан, Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы.
4. Суралсын Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан ушул токтомду бекитип берүү жагы.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Халмион айыл өкмөтүнүн башчысы К. Бегматовго милдеттендирилсин.
Төрага | Г. Матажиев |