Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш кезектеги отуз алтынчы сессиясы
2020-жылдын 24-декабры № 112
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каржы министрлигине караштуу Үлүштүк дем берүүчү грантына долбоорлорду даярдоо жөнүндө
Халмион айыл аймагынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында 2020-жыл бюджеттик угуулардын чечимдерине негиз түзүлгөн демилгечи топтор аркылуу Республикалык бюджеттин Каржы министрлигине караштуу Үлүштүк дем берүүчү грантына даярдалган долбоорлорду карап талкуулап чыгып Халмион айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат;
1. Халмион айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинен Халмион айыл аймагынын Таш-Добо айылынын Н Ирисов атындагы орто мектебинин спорттук аянтына кичи фудбол аянтын куруу долбооруна айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары айыл өкмөтүнүн бюджетинин 31112290- статьясынан 320000,0 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Халмион айылдык кеңешинин бюджет жана экономика комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Г. Матажиев |