Редакцияот 18.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VII - сессиясынын

 

 

2021-жылдын 18-августу № 21

Токой экосистемаларын интеграциялык башкаруу долбоору алкагында иш алып баруу жөнүндө

 

    Токой экосистемасын интеграциялык башкаруу долбоорунун  директору Жантаев Канат Медербековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын  кезексиз  VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Баткен токой чарбасына 40 га жер аянты 5 жылдык мөөнөт менен ижарага берүү жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

2.    Жергиликтүү калктын социалдык абалын эске алуу менен,ижарага берилген 30 га жер аянты жакыр үй-бүлөлөргө берилсин,мөмө-жемиш көчөттөрү менен камсыз кылуу жагы Баткен токой чарбасынан суралсын.

3.    Ушул долбоордун алкагында иш алып баруу жагы 1 жылдык мөөнөттө, аталган долбоор максаттуу ишке ашпаса кайра айыл өкмөттүн карамагына кайтарылсын.

4.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын.

 

Төрага

Д. Калыкова