Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VII - сессиясынын
2021-жылдын 18-августу № 24
“Туран Баткен”футболдук клубунун Президенти А.Сапаровдун катын кароо жөнүндө
Баткен райондук “Туран Баткен” футболдук клубунун Президенти А.Сапаровдун катын карап чыгып Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бужум айылында муниципалдык менчиктеги футбол аянтчасын ижарага берүү, мыйзамдуулугун кароо өкмөт башчыга милдеттендирилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Булак айылдык Кеңешинин алдындагы мыйзамдуулук укук тартип, этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Д. Калыкова |