Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI - сессиясынын

 

 

2021-жылдын 6-августу № 12

Мектептердин жана бала-бакчалардын ишмердүүлүгүн кароо жөнүндө

 

     Кара-Булак айылдык кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын  төрайымы Н.Дубанаеванын билдирүүсүн угуп  жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат:

1.    Билим берүү мекемелеринин 2021-2022- окуу жылына карата иштерин  жүргүзүүдө  айыл өкмөтүнө караштуу  мектептердин  жетекчилеринин иш аракеттери канаатандырарлык деп белгиленсин.          

2.    2021-2022 окуу жылына билим берүү тармагына керектүү болгон  бардык муктаждыктарын чечип берүү жагы  айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

3.    Кара-булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы  мектеп жетекчилерине 2021-2022 окуу жылында сапаттуу билим берүү, билим сапатын жакшыртуу жагы милдеттендирилсин. 

4.    Кара-Булак айыл өкмөтүнүн  аймагына кирген балдар-бакчаларынын муктаждыктарын чечүү айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага

Д. Калыкова