КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VI - сессиясынын
2021-жылдын 6-августу № 13
Жергиликтүү бюджетти кайрадан карап,өзгөчө абалдар үчүн кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Эрматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн балдар бакчалары разделинин атайын эсебинин киреше бөлүгүнө тамак аш продукцияларынын беренесине 850 миң сом акча каражаты каралсын.
2. Кара-булак айылындагы трансформаторду жылдырыш үчүн каралган 50 мин сом акча каражатын, селдин кесепетин жоюу үчүн жылдырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Эрматовго милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Калыкова |