КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 3 - сессиясынын
2021-жылдын 6-июну № 9
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Булак айылдык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы токтом кылат:
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын эсептөө комиссиясынын 2021-жылдын 6- июнундагы протоколунда мыйзам талабына ылайык коюлган талапкер тиешелүү көпчүлүк добушка ээ болбогондуктан шайланбай калды.
Төрага | Д. Калыкова |