КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 29 - сессиясынын
2020-жылдын 18-декабры № 24
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2021- жылга такталган жергиликтүү бюджетинин жана 2022-2023-жылдар үчүн бюджетинин божомолун бекитүү жөнундө
Кара-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А. Эрматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 29-сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2021- жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелерин 19142,7 мин сом өлчөмүндө ,ал эми чыгашалар боюнча бюджетин 19142,7 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелери боюнча болжолу 19931,2 мин сом өлчөмүндө,ал эми чыгашалар боюнча бюджетинин болжолу 19931,2 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2023- жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелери боюнча болжолу 20258,1 мин сом өлчөмүндө , ал эми чыгашалар боюнча бюджетинин болжолу 20258,1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
И.Тилеков |