Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын
2021-жылдын 21-июну № 8
Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкарууларынын Союзуна тийиштуу мүчөлүк акыларын төлөө жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкарууларынын Союзуна тийиштуу мүчөлүк акыларын төлөө жөнүндөгү Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы У.Матхоликованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Турпак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Турпак айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 24-октябрындагы №309 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкарууларынын Союзунун мүчөсү болуп эсептелгендигине байланыштуу, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша ар бир жашоочуга 1 сомдон кем эмес өлчөмдөгү мүчөлүк акы төлөнсүн.
2.Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн калкынын саны бүгүнкү күнгө 16773 болгондугуна байланыштуу, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин эсебинен 16773 сом акча каражаты ажыратылсын.
3.Ажыратылган каражатты максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Анарбаевге милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана жер
маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров
|