Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 17- кезексиз сессиясы
2020-жылдын 29-декабры № 17
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга бюджетин бекитүү жана 2022-2023- жылдарга бюджетинин долбоорун жактыруу жөнүндө
Майдан айылдык кенеши күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы «Бюджеттик Кодексинин» негизинде түзүлүп, бюджет жана экономика комитетинде каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчинин милдетин аткаруучу Жээнбек у Юнусалинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Майдан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү атайын каражатсыз 38157,9 миң сом өлчөмүндө № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетинин чыгашалар бөлүгү 38157,9 миң сом (атайын каражатсыз) өлчөмүндө № 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2021-жылга атайын каражттар боюнча кирешелери жана чыгашалары 1414,8 миң сом өлчөмүндө № 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдар үчүн негизги параметрлеринин болжолу 2022-жылга кирешелер жана чыгашалары 39889,0 миң сом өлчөмүндө № 4-тиркемеге ылайык, 2023-жылга кирешелер жана чыгашалары 40099,4 миң сом өлчөмүндө № 5-тиркемеге ылайык жактырылсын.
5. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондко чегерүүлөр, тамак аш, коммуналдык чыгымдар) жүргүзүлсүн.
6. Чыгашалардын корголгон беренелерине каралган каражаттар штат бирдиктери жана нормативдик документтер өзгөртүлгөндө азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.
7. Бюджеттик жана атайын каражаттарды казыналыкты айланып өтүү менен иштөөгө тыюу салынсын.
8. Айыл өкмөттүн 2021-жылга бюджети 1-январь 2021-жылдан баштап ишке киргизилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Тагаев |