МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 18- кезексиз сессиясы
2021-жылдын 1-марты № 1
2021-жылдын башына айыл өкмөттүн эсептик счеттогу калган калдык акча каражатынын сарпталышы боюнча бюджетке жана атайын каражатка кошумча смета киргизүү жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнүн бюджеттик жана атайын каражаттык эсептик счеттордогу 2021-жылдын башына калган акча каражаттарын жумшоо боюнча Майдан айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетине Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексинин» негизинде түзүлүп, айылдык кеёештин бюджет жана экономика боюнча комиссиясында каралып, талкуулангандыгын эске алып, айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчинин милдетин аткаруучу Жээнбек уулу Юнусалинин сунушун угуп, Майдан айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын башына калган бюджеттик акча каражатты 15143,9 миё сомду айыл өкмөттүн аймагындагы ар кандай көйгөйлүү маселелерин чечүү үчүн жумшалсын. №1-тиркеме (кошумча сметанын негизинде).
2. Майдан айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын башына калган атайын каражаттагы акча каражатты 10096,0 миё сомду айыл өкмөттүн аймагындагы ар кандай көйгөйлүү маселелерин чечүү үчүн жумшалсын. №2-тиркеме (кошумча сметанын негизинде).
3. Майдан айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчисинин милдетин аткаруучу Жээнбек у Ю. бюджетке тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Тагаев |