МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 18- кезектеги сессиясы
2021-жылдын 1-марты № 4
Майдан айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн аукционду жокко чыгаруу менен бирге кайра башыдан өткөрүү жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн аукциондон утуп алып бирок ижара акысын төлөбөй жүргөн ижарачылыардын аукциону жана мыйзам бузуу менен өткөрүлгөн аукциондорду жокко чыгарып жана кайра башыдан өткөрүү максатында:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аукциондон утуп алып бирок ижара акысын төлөбөй жүргөн ижарачылардын аукциону жана мыйзам бузуу менен өткөрүлгөн аукциондорду жокко чыгарып жана кайра башыдан өткөрүлсүн.
2. Майдан айыл өкмөтүндө аукцион өткөрүү учурунда алдын ала элдерге толук маалымат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Майдан айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Балтабаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Э.Абдилатовко жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Тагаев |