КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
2021-жылдын 12-июлу № 9
Кадамжай шаарынын тургуну жеке ишкер Ш.Кошназаровго Жаңы-Жер участкасынан 0,50 га жер тилкесин которууга (трансформациялоого) уруксат берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Кадамжай шаардык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кадамжай шаарынын тургуну жеке ишкер Ш.Кошназаровго Жаңы-Жер участкасынан 0,50 га жер тилкесин акиташ бышыруучу жана айнек эритүүчү цехтерин куруу үчүн которууга (трансформациялоого) сунуш берилсин.
2. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А. Абдыразаков |