Редакцияот 12.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы

2021-жылдын 12-июлу № 13

Кадамжай шаарынын тургундарын сугат суу менен камсыздоо үчүн убактылуу комиссия түзүү жөнүндө

 

Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Кадамжай шаардык кеңеши

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1.    Кадамжай шаарынын тургундарын сугат суу менен камсыздоо үчүн төмөнкүдөй курамда убактылуу комиссия түзүлсүн:

1.    Исаков Т.Т. – шаардык кеңештин депутаты;

2.    Арыков И.У. – шаардык кеңештин депутаты;

3.    Ырысматов К.Г. - шаардык кеңештин депутаты;

4. Шаардык кеңештин жер комиссиясынын мүчөлөрү;

5.  Абдырахманов А. – “Кадамжай Сууканал” ишканасынын башчысы;

6.  Олимов М. – “КСК” ААКнун өкүлү;

7.  Жолдошев И.А. – Жийделик көлүнүн өкүлү.

2. Кадамжай шаардык мэриясына сугат сууну элге жеткирүүнү “КСК” ААКму менен макулдашуу жагы тапшырылсын.

3. Сугат суунун көлөмүн көбөйтүү үчүн керектелүүчү каражаттар комиссиянын чечими менен бөлүнүп берилсин.

 

Төрага

 

А. Абдыразаков