Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги 52-cессиясы
2021-жылдын 10-февралы № 201
Жийделик калктуу коңуштун жашоочуларынын 2021-жылдын 20-январындагы Кадамжай шаарына караштуу калктуу коңушту айыл категориясына киргизүү жөнүндө чечими тууралуу
Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттары, Кадамжай шаарына караштуу Жийделик калктуу коңушту айыл категориясына киргизүү боюнча Жийделик калктуу коңуштун жашоочуларынын жыйынында кабыл алынган чечимин карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарына караштуу Жийделик калктуу коңушту айыл категориясына киргизүү боюнча Жийделик калктуу коңуштун жашоочуларынын чечими колдоого алынсын.
2. Кадамжай шаардык мэриясы тарабынан Жийделик калктуу коңушту айыл категориясына киргизүү боюнча тиешелүү маалыматтар жана калктуу коңуштун Схематикалык картасы, чек ара баяндамасы менен даярдалып, Жийделик калктуу коңуштуну айыл категориясына киргизүү боюнча сунуш Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна киргизүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
Төрага |
Э. Ураимов |