Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги 52-cессиясы
2021-жылдын 10-февралы № 205
Жыл башында калган калдыкты бөлүү жана КР эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен келген акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кадамжай шаарынын 2021-жылдын башында калган калдыгын бөлүү жана КР эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен келген акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө шаардык мэриянын кайрылуусун, ошондой эле шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджетинде 2021-жылдын 1-январына негизги каражаттан 10187,0 миң сом, атайын каражаттан 1703,1 миң сом, жалпысынан 11890,1 миң сом калдык акча каражаты төмөнкүдөй бөлүнүп берилсин:
Негизги каражаттын эсебинен:
22311200: Электро энергияга – 60,0 миң сом;
22154900: Ар түрдүү чыгымдарга – 827,2;
22141100 Күйүүчү жана майлоочу майларга – 95,1 миң сом;
22211200: Курулмаларды учурдагы оңдоого – 33,6 миң сом;
25121100: Субсидия чыгымдарына – 1363,0 миң сом
31113390: Башка курулмаларды капиталдык оңдоого – 7808,1 миң сом.
Жалпысы негизги каражаттан 10187,0 миң сом.
Атайын каражаттын эсебинен:
22181100: Тамак-аш азыктарын алууга – 208,3 миң сом;
31113390: Башка курулмаларды капиталдык курууларга – 753,2 мин сом;
31113390: Башка курулмаларды капиталдык курууларга – 741,6 миң сом.
Жалпысы атайын каражаттан 1703,1 миң сом.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Э. Ураимов |