Редакцияот 05.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги 53-cессиясы

2021-жылдын 5-марты № 207

Шаардагы таза суу жана канализация тутумдарын жаңылоого ажыратылуучу грант жөнүндө

 

Кадамжай шаары таза суу жана канализация тутумдарын жаңылоо үчүн ЕББРге сунуш менен кайрылып 6,0 млн Евро алынуусу күтүлүүдө. Бул алынуучу каражаттын 60 пайызы кайтарымсыз, ал эми 40 пайызы кайтарымдуу болгондуктан, мындай акча каражаты айына жыйналышына карап, элдин салымына кошумча же жыйымдардын толук болбой калышын алдын алуу максатында жана  шардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү  боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып,  Кадамжай шаардык кеңеши

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1.    Кадамжай шаарынын таза суу жана канализация тутумдарын алмаштыруу үчүн алынуучу гранттын кайтарымдуу бөлүгүн төлөөдө элдин салымына кошумча жылына жергиликтүү бюджеттен бюджетке жараша 5,0 млн сомго чейинки акча каражаты ажыратылып турулсун. 

2.    Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча   туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

Э. Ураимов