Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги 53-cессиясы
2021-жылдын 5-марты № 210
“Лидер” балдар бакчасынын мэрия менен түзгөн келишимине толуктоолор киргизүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык мэриянын “Лидер” балдар бакчасы менен түзгөн келишимин карап чыгып, толуктоо киргизүү жөнүндө маселени карап талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Лидер” балдар бакчасы Кадамжай шаардык мэриясы менен түзгөн келишимине шаардын аймагында социалдык абалы оор болгон үй-бүлөлөрдөн жашаган 4 (төрт) бала акысыз балдар бакчасына жайгаштырылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке, “Лидер” балдар бакчасынын жетекчиси Караев Суюнбекке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Э. Ураимов |