Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги 53-cессиясы
2021-жылдын 5-марты № 212
Жергиликтүү салыктар үчүн аймактык коэффициентти жана 1,2,3 топтогу жер жана мүлк салыгын бекитип берүү жөнүндө
Кадамжай шаарынын аймагында калктуу конуштардагы айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалануудагы жер салыктарын эсептөөдө колдонулуучу аймактык коэффициентин, жер жана мүлк салыктарын бекитип берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 339 беренесинин 4 пунктуна негиз Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-январь 2021-жылдан баштап жер салыгы жана 1,2,3 топтогу мүлк салыгы киргизилсин.
2. Кадамжай шаарынын аймагындагы калктуу конуштардагы жерлерди жана айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалануучуларга колдонуучу жер салыктарын, эсептөө аймактык коэффициентин 2021-жылга 1,2 коэффициенти менен бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Э. Ураимов |