Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги 51- сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 195
Кадамжай шаардындагы Северная №23 көп кабаттуу үйдү аукционго коюу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын Кадамжай шаардык мэриясынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы №1-644 каты боюнча сунушун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Северная №23 көп кабаттуу үйдү көз карандысыз баалоочуга баалантып өз каражаттары менен бузуп кайрадан көп кабаттуу үй куруу үчүн аукцион аркылуу сатууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт, каржы, бюджет жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
Э. Ураимов |