Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги 51- сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 196
Кадамжай шаарынын 2021-жылга бюджетин киреше, чыгаша бөлүктөрүн жана 2022-2023-жылдардын бюджетинин болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаарынын 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жылдарга болжолдуу планын «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин» мыйзамдарынын КР Финансы министрлигинин КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы №1477-VI “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндөгү” токтомунун негизиндеги жол жоболордун чегинде түзүлгөн, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун, Кадамжай шаардык мэриясынын каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын 2021-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү 48016,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кадамжай шаардык мэриясынын 2021-жылга чыгашалар бөлүгү 48016,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Кадамжай шаарынын 2022-2023-жылдар үчүн негизги параметрлеринин болжолу 2022-жылга кирешелер жана чыгашалары 49769,7 миң сом өлчөмүндө, 2023-жылга кирешелер, чыгашалар 51167,7 миң сом өлчөмүндө жактырылсын.
4. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондко чегерүүлөр, тамак-аш, коммуналдык чыгымдар) жүргүзүлсүн.
5. Чыгашалардын корголгон беренелерине каралган каражаттар штат бирдиктери жана нормативдик документтер өзгөртүлгөндө азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.
6. Бюджеттик жана атайын каражаттарды казыналыкты айланып өтүү менен иштетүүгө тыюу салынсын.
7. Кадамжай шаарынын 2021-жылга бюджети 1-январь 2021-жылдан баштап ишке киргизилсин.
8. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Э. Ураимов |