КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III– сессиясы
2021-жылдын 21-июну № 3/2
Депутаттардын VI - чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары,Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүнө караштуу “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Төлөмбековтун, “Шамшы” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Эсенкановтун 2021-жылда жүргүзүп келген иштери жөнүндө отчётун угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айылдык кеңеши, токтом кылат:
- Кум-Дөбө муниципалдык ишканасы тейлеген таза суу суу түтуктөрүнө задвижка крандары ар бир көчөгө коюлсун.
- Кум-Дөбө айыл аймагында жашаган түтун башына таштандыларга 20 (жыйырма) сомдон ай сайын алынсын,айыл тургундарына түшүндурүү иштерин жургүзүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүнө караштуу “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Төлөмбековко, “Шамшы” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Эсенкановко милдеттендирилсин.
- Жаңы конуштарга мурун таза суу түтукчөлөрү кирбей калган конуштарга таза суу киргизүү,сметалык чыгымын эсептеп чыгуу жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүнө караштуу Кум-Дөбө муниципалдык ишканасынын жетекчиси: М.Төлөмбековко милдеттендирилсин.
- Кара-Булак участкасындагы булактын башын комиссия менен бирдикте карап иш алып барсын.
- Ушул токтомду көзөмөлдө жагы тийиштүү туруктуу комиссия өз милдетине алсын.
Төрага | М. Чолпонкулов |