Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII- чакырылышынын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 17-майы № 1/2
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №1 протоколун бекитүү жөнүндө
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү Мыйзамынын 37-беренесинин 4-5-6-7 пунктарынын талабына ылайык Кум-Дөбө айылдык кеңешинин Регламентине жана депутаттардын VII-чакырылышынын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын № 1 протоколун угуп жана талкуулап Депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Депутаттардын VII –чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 2021-жылдын 17-майындагы № 1 протоколу бекитилсин.
2. Кум-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушуна ээ болгон №4147 «Кум-Дөбө » шайлоо округунан депутат Чолпонкулов Марлен Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.
3. Бул токтом Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
Сессиянын төрайымы |
А. Актанова |