Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII- чакырылышынын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 17-майы № 1/3
КумДөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №2 протоколун бекитүү жөнүндө
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү Мыйзамынын 37-беренесинин 4-5-6-7 пунктарынын талабына ылайык Кум-Дөбө айылдык кеңешинин Регламентине жана депутаттардын VII-чакырылышынын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын № 2 протоколун угуп жана талкуулап депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Депутаттардын VII –чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 2021-жылдын 17-майындагы № 2 протоколу бекитилсин.
2. Кум-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушуна ээ болгон №4149 «Шамшы» шайлоо округунан депутат Ашыралиева Эльнура Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
Сессиянын төрайымы | А. Актанова |