Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII- чакырылышынын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз II сессиясы
2021-жылдын 26-майы № 2/1
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын туруктуу комиссияларын шайлоо жөнүндө
Кыргыз республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 32-беренесинин 4- пунктуна ылайык Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айылдык Кеңешинде төмөндөгүдөй туруктуу комиссиялар түзүлсүн:
1. Экономика,финансы,бюджет жана орто бизнести өнүктүрү боюнча комиссия.
2. Маданият,билим берүү,саламаттыкты сактоо,турак жай,комуналдык менчик,
социалдык маселелер боюнча комиссия.
3. Айыл жана жер реформасы, айлана- чөйрөнү коргоо,курулуш байланыш боюнча
туруктуу комиссия.
4. Мандат,депутаттык иш. Этика. Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо, адамдардын
укутарын коргоо боюнча комиссия.
2. Түзулгөн туруктуу комиссиялардын төрагасы жана мүчөлөрү төмөндөгүдөй
болуп түзүлсүн:
-Экономика,финансы,бюджет жана орто бизнести өнуктүрү боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы: Султанова Рита. Мүчөлөрү: Арстанбекова Майрам,Рахмааталы уулуТурсунбек,Турумов Канат,Мамбеталиева Үмүт.
-Маданият.билим берүү, Саламаттыкты сактоо, турак жай, комуналдык менчик, социалык маселелер боюнча комиссиянын төрайымы: Керимова Нурзат. Мүчөлөрү: Туйгунбек уулу Элдяр,Муратбек уулу Атай,Дайырбек уулу Келдибек,Тентиева Жаңыл.
- Айыл жана жер реформасы, айлана- чөйрөнү коргоо,курулуш байланыш боюнча комиссиянын төрагасы:Абакиров Аскар. Мүчөлөрү: Асанбек уулу Азим,Казыбеков Уран,Төлөбек уулу Бектен,Теңиз уулу Адилет.
- Мандат,депутаттык иш. Этика. Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо, адамдардын
укуктарын коргоо боюнча комиссиянын төрайымы:Актанова Айгүл. Мүчөлөрү: Жаныбеков Нурадил,Карабалаева Айзада,Кабылбаева Рыскүл.
3. Туруктуу комиссиялардын аткарган иштерин көзөмөлдөө жагы Кум-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы М.Чолпонкуловго тапшырылсын.
Төрага | М. Чолпонкулов |