Редакцияот 20.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXXXIII сессиясы

 

2021-жылдын 20-январы № 43/5

Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетин аткарууда 01.01.2021-жылга карата бош калган каражатты бекитүү жөнүндө

 

          Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ыбышовдун жана ФЭБ башчысы Б.Тажиевдин 01.01.2021-жылга карата бош калган каражатты бекитүү жөнүндө  маалыматын  угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

1.    Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетин аткарууда 01.01.2021-жылга карата

бош калган каражаттар төмөндөгүдөй бөлүнүштө бөлүнсүн.

Бюджеттик эсептеги:

№

Раздел

Чыгымдоо

статьясы 3111

                 миң сом

1

Ак-Жар айылына жаңы бала бакчасын куруу

1 125.0

2

Шамшы айылына жаңы бала бакчасын куруу

1 125.0

3

Кум-Дөбө айылына  маданият үйүн куруу

2 407.5

 

Жалпы

4 657.5

 

Атайын эсептеги:

№

Раздел- бала бакча 70911

Чыгымдоо статьясы

Баары

2222

2215

1

Раздел- бала бакча 70911

“Балаты-Нур”, “Сезим-М”, Шамшы Келечеги жана Бусурман у Шаабай ат. бала бакчаларына идиш аяк, ж.б. материалдарды  сатып берүү.

 

179 935

 

 

179 935

2

Аппарат 70111

Спорттук иш чаралар үчүн

 

 

 

55 749

 

55 749

 

Жалпы

179 935

55 749

235 684

 

2.    Жогорудагыдай багыттарда бөлүнгөн каражатты каржылап берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кочкор башкармалыгынан суралсын.

3.    Жогорудагы каражаттарды өз багыттарында каржылап, өздөштүрүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ыбышовго ФЭБ башчысы, башкы эсепчи Б.Тажиевге тапшырылсын.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жана өз жоопкерчилигиме калтырылсын. 

 

Төрага

 

А. Өмүров