КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXXIV сессиясы
2021-жылдын 22-февралы № 44/1
Айыл аймактарындагы ҮБД, ФАП башчыларынын 2020-жылында аткарып келген иштери жөнүндө маалыматтары (С.Убалиев, М.Болотбекова, Ж.Эмилбекова, К.Шабиева)
Депутаттардын VI - чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн аймагындагы ҮДТ, ФАП башчыларынын 2020-жылда аткарган иштери, “Короновирус” оорусуна каршы алдын-ала чара көрүү, гуманитардык жардамга келген дары-дармектер боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Шамшы айылынын ҮДТнын жетекчиси Ж.Эмилбекова 2020-жылда аткарып келген иштерине, “Короновирус” оорусуна каршы алдын-ала чара көрүп, жардамга келген дары-дармектерди өз убагында комиссия менен кабыл алып, айыл тургундарга дайыма жардам бергендигин угуп, иштеген ишине “Канааттандыраарлык” деп баа берилсин.
2. Бугучу айылынын ФАП башчысы М.Болотбековага 2020-жылда аткарган ишине, “Короновирус” оорусуна каршы алдын-ала чара көрүп, келген дары-дармектерди комиссия менен кабыл алып, айыл тургундарга өз багында өзүнүн милдетин аткаргандыгы үчүн иштеген ишине “Канааттандыраарлык” деп баа берилсин.
3. Кум-Дөбө айылынын ҮДТнын башчысы С.Убалиев 2020-жылда иштеген ишинде “Короновирус” оорусуна каршы алдын-ала чара көрүүдө бир топ сын-пикирлер айтылганын, келген гуманитардык жардамдардын эсеби так эместигин эске алуу менен иштеген ишине “Канааттандыраарлык” деп баа берилип, кийинки сессияга толук жардамга келген дары-дармектердин эсебин берүү жагы тапшырылсын.
4. Ак-Жар айылындагы ФАПтын башчысы К.Шабиева 2020-жылда иштеген ишине “Короновирус” оорусуна каршы келген дары-дармектерди өз убагында комиссия менен кабыл алынып берилген, айыл тургундарга өз багында өзүнүн милдетин аткаргандыгы үчүн иштеген ишине “Канааттандыраарлык” деп баа берилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А. Өмүров |