Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXXIV сессиясы
2021-жылдын 22-февралы № 44/2
Кум-Дөбө айыл аймагындагы “Кум-Дөбө” жана “Шамшы” муниципалдык” ишканаларынын бюджетин бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VI - чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнө караштуу “Кум-Дөбө” жана “Шамшы” муниципалдык” ишканалардын бюджетин кабыл алып, бекитүү жөнүндө отчёт маалыматтарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы айылындагы “Шамшы” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Токушовдун, эсепчиси Б.Кабатаевалардын 2020-жылда аткарган иштеринде кетирилген кемчиликтерди эске алуу менен, айыл тургундары менен түзүлгөн келишимдин негизинде иш жүргүзүп, жалпысынан иштеген иштерине “Канааттандыраарлык” деп баа берилсин.
2. “Шамшы” муниципалдык ишканасы 2021-жылга ичүүчү таза сууга, сугат сууга жана таштандыларды чыгарууга түзүлгөн иш планы, тариф бюджетинин кирешеси 1 015000 (бир миллион он беш миң) сом жана чыгашасы 1 015 000 (бир миллион он беш миң) сом толугу менен кабыл алынып бекитилсин.
3. “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Төлөнбековдун 2020-жылда аткарган иштерине “Канааттандыраарлык” деп баа берилип, жогоруда айтылган сын-сунуштарга өз убагында салык жыйымдарды аткаруу жагы муниципалдык ишкананын жетекчиси М.Төлөнбековго, эсепчиси Б.Абдырасаковго тапшырылсын.
4. “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасы 2021-жылга ичүүчү таза сууга, сугат сууга жана таштандыларды чыгарууга түзүлгөн иш планы, тариф бюджетинин киреше бөлүгү 2 737106 (эки миллион жети жүз отуз жети миң бир жүз алты) сом жана чыгаша бөлүгү 2 737106 (эки миллион жети жүз отуз жети миң бир жүз алты) сом толугу менен кабыл алынып бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А. Өмүров |