Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXXIV сессиясы
2021-жылдын 22-февралы № 44/3
Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин 2020-жылдагы аткарган иштери, 2021-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VI - чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнө караштуу ЖПБнин төрагасы К.Жукешовдун маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин 2020-жылда аткарган иштеринде айтылган сын-сунуштар, өз убагында чогулбай салык жыйымдары чогулбай, мал баккан чабандар менен түзүлгөн келишимдер боюнча аткарылбай акт түзүлгөн чабандарга “Бузуулар жөнүндөгү” көрсөтүлгөн беренелер аткарылбай жаткандыгын эске алуу менен, 2021-жылга түзүлгөн алыскы жайыттарга көчүп барууга мал баккан чабандар менен келишим түзүлүп, расстановкалар түзүлүп аткаруу жагы тапшырылсын.
2. Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин 2021-жылга түзүлгөн бюджеттин долбоору кирешелер боюнча 545 000 (беш жүз кырк беш миң) сом, чыгашалар боюнча 545 000 (беш жүз кырк беш миң) сом сметасы, иш планы бекитилсин.
3. ЖПБнин төрагасы менен мал баккан чабандардын ортосунда түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн 10- апрелден тартып ички кыштоолорго, сарайларга, майдан тартып жайлоого көчүрүлсүн. Үлүш жерлердин тегерегинде, каналдын үстүндө, токойдун ичинде бир да мал калбасын. Эгерде аткарылбаса “Бузуулар жөнүндө” беренесинин негизинде иш жүргүзүп туруу жагы К.Нуркалиевге, М.Жумалиевге тапшырылсын.
4. Мал баккан малчы-чабандар түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн 10-октябрдан мурун келип, малдарды элге таратып, күзгү оруп жыйноодо эгиндерди талкаласа, мыйзам чегинде жооп беришерин эскертилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына, айыл башчыларга тапшырылсын.
Төрага |
А. Өмүров |