Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXXIV сессиясы
2021-жылдын 22-февралы № 44/4
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда өтүлгөн элдик жыйындардын протокол, токтомдорун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VI - чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл башчылардын айылдарда өткөн жыйындарынын токтомдорун бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда өтүлгөн жалпы элдик жыйындардын протокол, токтомдору бекитилсин.
2. Жогоруда бекитилген өтүлгөн элдик жыйындарда көрсөтүлгөн токтомдорунда жазгы айдап себүү жана көчүү конуу иштерине коюлган чекене баалардын негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл башчыларга, ЖПБнин төрагасы К.Жукешовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ө.Ишенгуловго тапшырылсын.
Төрага |
А. Өмүров |