КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXXII сессиясы
2020-жылдын 30-октябры № 42/1
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдоо бөлүмдөрүн жылдыруу жөнүндө
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ыбышовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Аппарат бөлүмдөрүнүн 3111 ( имараттар жана курулмалар) жана 2511 субсидия, чыгымдоо өлүмдөрүнөн бала бакча бөлүмүнө 3111 (имараттар жана курулмалар) чыгымдоо бөлүмүнө 3 125 000 (үч миллион бир жүз жыйырма беш миң ) сом акча каражатын которуп берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кочкор башкармалыгынын башчысы Т.Калчаевден суралсын.
2. Жогорудагы которулган каражатты өз багытында жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Ыбышовго жана ФЭБ башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
А. Өмүров |