Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXXII сессиясы
2020-жылдын 30-октябры № 42/2
“Кочкор Таза суу” муниципалдык ишканасы жөнүндө
“Кочкор райондук Таза суу” муниципалдык ишканасынын Уставына ылайык, уюштуруучулары болгон Кочкор районунун 11 айыл өкмөтүнүн катышуусундагы 15-декабрь 2020-жылдагы №1 протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесине ылайык, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Кочкор районунун 11 айыл өкмөтүнүн катышуусундагы 15-декабрь 2020-жылдагы №1 протоколунун негизинде “Кочкор райондук Таза суу” муниципалдык ишканасы жоюлсун.
2. Кум-Дөбө айылдык кеңеши 30.11.2014-жылдагы кезексиз № 17/2 токтому жокко чыгарылсын.
3. “Кочкор районунун Таза суу” муниципалдык ишканасы Кочкор айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ыбышовго тапшырылсын.
Төрага |
А. Өмүров |