Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясы
2021-жылдын 17-августу №4/14
Жыл башындагы бекитилген акча каражатын которуп пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүнө Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 21-январь 2021-жылдагы кезексиз XXXIV сессиясында каралган бош калган каражаттан Шамен атындагы орто мектебине инвентарь алууга 143,5 миң сом, Ү. Бейшеев атындагы орто мектебине инвентарь алууга 175,0 миң сом жалпысы 318,5 миң сом акча каражаттарынан айыл өкмөтүнүн иш сапарга чыгууга 5,0 миң сом, транспорттук чыгым (күйүүчү майына, авто тетиктерине) 50,0 миң сом, 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына карата иш-чарага 25,0 миң сом, айыл өкмөтүнүн муниципалдык жер участогун пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акт алууга 10,0 миң сом, айылдын «Ардактуу атуул»“ значогун чаптырып «матрица” алууга 20,0 миң сом акча каражаттарын которуп пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н. Курмановдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жыл башында каралган 3112 (инвентарь алууга)- Шамен, Ү. Бейшеев атындагы орто мектептерине инвентарь алуу статьясына каралган 318,5 миң сом акча каражаттарынан төмөндөгү статьяларга:
1. 2211 (иш сапарга чыгуу) статьясына -5,0 миң сом;
2. 2214 (транспорттук чыгым) статьясына -50,0 миң сом;
3. 2215 (ар кандай чыгым) статьясына -25,0 миң сом;
4. 2215 (ар кандай чыгым) статьясына -20,0 миң сом;
5. 2215 (ар кандай чыгым) статьясына -10,0 миң сом;
Баардыгы 110,0 миң сом акча каражатын которуп пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|