Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясы
2021-жылдын 17-августу № 4/16
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин кайрылуу катын кароо жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин мыйзам боюнча бюджетинин 3/1 бөлүгү айыл өкмөтүнүн эсебине которулуучу акча каражаты, 2021-жылга карата бекитилген жалпы 550,0 миң сом акча каражатынан жыл башында эмгек акыга, соц.фондго чегерүүсү кошулбай, 3/1 бөлүгү 183,333 сом болуп бекитилип калгандыктан, жалпы 550,0 миң сомдон 182,91 сом эмгек акы, соц.фондго чегерүүдөн кийин жалпы эсептелген сумма 367,090 сомду түзүп, ал сумманын 3/1 бөлүгү 122,363 сом болгондугуна байланыштуу кайрадан өзгөртүп, бекитип берүүгө жайыт комитетинин төрагасы Ы. Элтуйбасовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата чогулган 550,0 миң сом жайыт акыдан эмгек акы жана соц.фондго чегерилүүчү 182,637 сом акча каражатын кошпогондо жалпы сумма 367,090 сомдон айыл өкмөтүнүн эсебине калтырууга 3/1 бөлүгү болгон сумма 122,363 сом акча каражаты кайрадан бекитилип берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн эсебине которулуучу жалпы сумманын 3/1 бөлүгү болгон 122,363 сомду жайыт жакшыртууга жайыт комитетинин эсебинде калтырылсын жана калган 60,970 сом акча каражатын 2215 (ар кандай чыгымдар) статьясына пайдаланууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|